12 ноябрь 2024

Кароолор: 7

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН АЗИРЕТИ МУФТИЙИ АБДУЛАЗИЗ КАРЫ ЗАКИРОВ ТАЛАСКА КЕЛДИ

12-ноябрь күнү, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров диний агартуу кербенинин алкагында Талас облусуна келди.

Алгач КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев азирети муфтий Абдулазиз кары Закировду кабыл алып, жолугушууда Талас жергесинде диний тармакта жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер талкууланды. Ошондой эле ысырапкорчулуктун кесепеттери, кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттары, көөнөрбөс нарк-насилдери жана салттуу ислам дүйнө таанымынын акыйкаты боюнча баарлашуу орун алды .

Буга кошумча жолугушууда Талас шаарындагы борбордук мечитти жаңылоо максатында курула турган жалпы сыйымдуулугу 7 000 кишилик жаңы мечиттин эскиздик долбоору тааныштырылды.