16 апрель 2025
Кароолор: 1
“Кыргызстан көп улуттуу өлкө” фестивалы Таласта өткөрүлдү

2025-жылдын 16-апрелинде Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында “Кыргызстан көп улуттуу өлкө” аттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чарада ар улуттун тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, ар улуттун тилинде окуучулар салам жолдоп, ыр-бийлерин аткарышты. Фестиваль өлкөдөгү улуттар аралык биримдикти чыңдоо, ар түрдүү маданияттарды урматтоо жана улуттар аралык татуулукту жайылтуу максатын көздөйт.
Фестивалдын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова сөз сүйлөп, Талас өрөөнү ар улуттуу элдин ыйык мекенине айланып, кылымдар бою коюндаш жашаган улуттардын биримдигин жана ынтымагын чыңдоо максатында диаспоралар менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз жарандары уңгулуу жолдо дүйнөлүк бийиктикке умтулуп жатканын айтып, улуттар аралык мамилелердин бекемдигине басым жасады.
Кыргызстан Ассамблеясынын Талас облусундагы координатору Бакыт Арыкбаев, Айтматов райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук мамлекеттик администрациясына ыраазычылык билдирип, акимдин орун басары Салтанат Мамбетовага Кыргызстан Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган юбилейлик китепти белекке тапшырды.
Белгилей кетсек, Талас облусунун калкынын жалпы саны 273 509 адамды түзөт. Анын ичинен кыргыздар – 260 038, орустар – 3 257, өзбектер – 1 006, украиндер – 55, немецтер – 143, татарлар – 121, казактар – 2 141, армяндар – 1, тажиктер – 53, азербайджандар – 12, чечендер – 20, беларустар – 10, грузиндер – 8, молдовандар – 2, туркмендер – 56, уйгурлар – 84, дунгандар – 31, корейлер – 28, турктөр – 901, индустар – 9 жана 5 533 башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Талас облусунда учурда 8 диаспора бар.