20 декабрь 2024
Кароолор: 6
КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ - МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ

20-декабрда А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен “Кыргыз жараны-Мекеним менден башталат” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Ага аксакалдар, айымдар, жаштар кеңештеринин мүчөлөрү, аксакалдар соттору, диний ишмерлер, диоспара өкүлдөрү, мугалимдер, студенттер, жарандык активисттер катышты.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова облус аймагында Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу максатында ар багыттуу иштер жасалып жатканына токтолуп, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында “Кыргыз жараны – зордук зомбулуксуз келечек үчүн” бир айлык акциясы уюштурулуп, жаштар бул акцияга активдүү катышканын белгиледи. Концепцияны ишке ашырууда алгылыктуу иштерди жасаган ар кыл кесип ээлерине КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ыраазычылык каттары”, акцияга активдүү катышкан Айтматов районуундагы Айтматов, Талас районундагы М. Козубекова орто мектебинин окуучуларына “Мактоо баракчалары” тапшырылды.
Талас облусунун казысы Сулумбек Узеналиев, Бакай-Ата райондук аксакалдар сотунун төрагасы Калыбек Асылбеков, Талас мамлекеттик университетинин доценти, социалогия илиминин кандидаты Айсалкын Укуева, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Талас облусу боюнча өкүлү Бакыт Арыкбаев, Р. Рысакова атындагы №2 мектептин мугалими Елена Бортникова улуттар арасындагы ынтымак, эл достугун чыңдоодо концепцияда көрсөтулгөн багыттар боюнча жасалган иштер тууралуу баяндамаларды жасашты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.