28 январь 2026

Кароолор: 3

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байджигитов, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте “Манас Ордо” улуттук тарыхый-маданий комплексинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринен таанышты.

“Долбоордун алкагында музейдин аянты (450) м²ден (1500) м²ге чейин көбөйтүлүп, заманбап жана улуттук стилде курулууда. Бул иштерди Курулуш министирлигинин карамагындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы аткарып жатат, максат — күнүнө (10) миң зыяратчыны кабыл ала турган маданий жана туристтик борбор түзүү.

Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет. Учурда Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси соңку 30 жыл ичинде ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө.

Эсиңиздерге салсак, 2025-жылдын 13-ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Манас Ордо” Кыргыз улуттук комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салган.

Курулуш иштерин аягына чыгаруу КР Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө салтанатына пландалган.