10 март 2025
Кароолор: 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова элге эмгек сиңирген ардагер энелердин үйлөрүнө барып, 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Алгач Айтматов районунун Көк-Сай айылынын 90 жаштагы тургуну, эл агартуунун отличниги Бүкөн Султанбекованын үйүнө барды. Бүкөн апа Көк-Сай айылындагы оорукананын ашар жолу менен салынышына зор салым кошкон. 90 жаштагы Бүкөн апа облус башчысынын атынан берилген белекке ыраазычылык билдирип, ардагер мугалим катары жаш муундарга таалим-тарбия берүү учур талабы экенин айтты.
Ошондой эле Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын 95 жаштагы ардагери Ырыс Бөлөкчалова, Манас районунун Арал айылынын 103 жаштагы тургуну Дүйшөбаева Нукуй, Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Качкынова Күмүшкан апаларга да ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын акчалай белектери, майрамдык гүлдестелери берилди.