15 январь 2025
Кароолор: 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов облус аймагындагы бир катар социалдык объектилердин курулуш-монтаждоо иштерин текшерип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов облус аймагындагы бир катар социалдык объектилердин курулуш-монтаждоо иштерин текшерип чыкты.
Курулуш иштери дээрлик аяктап, ачылуу алдында турган Талас районундагы Б. Жанузаков атындагы 192 орундуу мектептин жана Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы К. Байтереков атындагы спорт комплексинин курулуш процесси менен жеринен таанышып чыкты.
Буга кошумча биринчи орун басар Талантбек Эдилов капиталдык оңдоодон өткөн Бакай-Ата районундагы А. Арыстанов жана У. Акынбеков атындагы орто мектептерди кыдырып, андагы оңдоп-түзөө иштерин тыкыр текшерүүгө алды. Натыйжада айрым мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу боюнча тийиштүү тараптарга ыкчам тапшырмаларды берди. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жылуулугун текшерип, өз сөзүндө окуучуларга үзгүлтүксүз, жагымдуу шартта билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы 640 орундуу А. Арыстанов атындагы орто мектеп 1977-жылы ишке берилгенден бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. 2023-жылдын декабрь айында мектептин капиталдык ремонту республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Оңдоо-түзөө иштери СК “Адис” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми Өзгөрүш айылындагы 640 орундуу У. Акынбеков атындагы орто мектеп 1979-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө 703 окуучу билим алууда. Аталган мектеп да пайдаланууга берилгенден бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. 2023-жылдын 19-декабрь айында мектептин капиталдык ремонту республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Оңдоо-түзөө иштери ОсОО МСПМКА-Талас тарабынан жүргүзүлдү.