12 март 2025
Кароолор: 7
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин жетекчилиги алдында коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чара өттү.

2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин жетекчилиги алдында коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чара өттү. Ага Талас облусу боюнча күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципиалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышты.
Иш-чарада облус башчы Эрмат Джумаев коррупцияга каршы күрөшүү – бул Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги менен бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди коррупциялык иштерден оолак болууну жана мыйзамды так сактоону милдеттендирди.