02 ноябрь 2024

Кароолор: 7

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу:

“Эл кадырлаган урматтуу маданият өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен ак дилден куттуктайм!

Күнүбүздө сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү экендиги айныбас чындык. Элибиздин залкар таланттарын таптап, улуттук руханий дөөлөттөрүн дүйнөгө таанытып, өлкөбүздүн маданий мурасына олуттуу салым кошуп келе жатасыздар.

Сиздердин жасаган нар көтөргүс эмгегиңиздердин арты менен улуу маданиятыбыздын нарктуулугун дагы да арттырып, келечек муундарга жеткире аларыбызга толук ишенем.

Учурдан пайдаланып ардактуу маданият, искусство кызматкерлери, сиздерге бакубат өмүр, чыгармачылык бийиктик, чың ден соолук, иштериңиздерге зор ийгиликтерди каалайм.

Сиздерди урматтап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич".