07 ноябрь 2024

Кароолор: 7

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Карт тарых тастыктап тургандай элибиз тарых барактарында Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, соңку мезгилдерде оор сыноолорду башынан кечирди. Нечендеген таштак жол, тайгак кечүүлѳрдү басып ѳттү. Мындай түйшүктүү жолдо дымактуу журтубуз улуулугун жоготпой, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, өз тилин, нарк-насилин, кѳѳнѳрбѳс маданиятын сактап кала алды. «Карарган түндүн агарган таңы бар» - дегендей өлкөбүз көкөй кескен кыйын кезеңдерди артта калтырып, мына минтип туруктуу өнүгүүгө багыт алган бакубат мезгилге кадам таштоодо.

1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун, 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тарыхыбыздагы урунттуу учурлар бойдон калды. Билгенге эгемендик мезгил оңой-олтоң келген жок. Бул бакубат күндөргө жетүү үчүн нечендеген кыргыз азаматтары канын төгүп, жанын берди. Андыктан ар бир кыргыз атуулу ата – бабаларыбыз мурас калтырган эгемендикти ыйык тутуп, мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн ак кызмат өтөп, атуулдук ыйык жоопкерчиликти жон териси менен сезе билиши керек.

Ар дайым бабалар басып өткөн улуу тарыхты сыймыктануу менен эскеребиз! Кылым карыткан кыргыз тарыхынын тамыры дагы тереңдерден орун ала берсин! Кыргыз туусу бийиктикте желбиреп, өкөбүздө туруктуу өнүгүп-өсүү болсун!

Урматым менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич".