23 сентябрь 2024
Кароолор: 9
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзү:

"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мындан туура 35 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. 35 жыл аралыгында кыргыз тили түйшүктүү жолду басып өтүп, бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруунун тилине айлана алды. Бул демек түптүү элдин, уюткулуу улуттун эне тили болгон кыргыз тилинин учугу узарып, түбөлүгү түзөлүп жаткандыгынан кабар берет. Билгенге кыргыз тили, ата-бабадан калган улуу мурас, улутубузду улут кылып келе жаткан эң улуу баалуулук экендиги талашсыз чындык. Ааламда теӊдеши жок улуу эпосторду жаратып, кылымдарды карыткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун! Элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!
Урматтоо менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич".