22 декабрь 2024
Кароолор: 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин 22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамына карата куттуктоо сөзү:

Урматтуу энергетиктер! Энергетика тармагынын кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди 22-декабрь Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен ак дилимден куттуктайм!
Сиздердин нар көтөргүс эмгегиңиздердин арты менен ар бир жараныбыздын үйү жарык жана жылуулук менен камсыз болуп келет. Жалпыбызга маалым болгондой бүгүнкү доордо турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүн электр кубатысыз элестетүү кыйын. Андыктан бул тармакта үзүрлүү эмгектенип жаткан ар бир энергетиктин ак ниет эмгегин бийик баалап, өз ыраазычылыгымды билдирем.
Узап бараткан 2024-жыл өлкөбүз үчүн жаңы бийиктиктерге кадам таштаган, ири ийгиликтер коштогон, аракетке бай, жемиштүү жылдардан болду. Энергетика жаатында бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды. Буга күбө туткан далил катары Талас облусунун Киров суу сактагычында жайгашкан кубаттуулугу 25 мегаваттык “Бала-Саруу” чакан ГЭСи өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусунда ачылып, пайдаланууга берилди. Бул эгемендик жылдарынан бери чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор, айрыкча чакан ГЭС куруу тармагынын сап башы болуп тарыхта калды.
Урматтуу энергетиктер!
Сиздер калктын эң зарыл муктаждыктарын камсыздап, бардык тармактын үзгүлтүксүз иш алып баруусуна олуттуу салым кошуп келесиздер! Учурдан пайдаланып ар бириңиздерге жемиштүү иш, чың ден соолук, өндүрүштүк жетишкендиктерди каалайм! Энергетика тармагыбыз ырааттуу өнүгүп-өсө берсин! Ар бир үйдө жарык жана жылуулук болсун!
Сиздерди терең урматтап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич.