01 октябрь 2024

Кароолор: 9

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата куттуктоосу:

«Кадырлуу улуу муун өкүлдөрү, төрүбүздүн көркү болгон аталар, апалар! Бүгүнкү 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен ар бириңиздерди чын ыкластан куттуктайм. Сиздер буга чейин кыйын кезеңдерди баштан кечирип келечек жыттанган бүгүнкү жаркын күндөрдү бизге тартууладыңыздар. Өз кезинде күжүрмөн эмгегиңиздер менен жогорку жашоо стандарттарына, экономикалык өсүшкө, сапаттуу билим жана саламаттык сактоого салмактуу салым кошуп, өлкөбүздүн экономикасын, өндүрүшүн, илимий-техникалык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө бар аракетиңиздерди жумшадыңыздар. Келечек ээлери үчүн жасаган ар бир чеке тердеткен мээнетиңиздер зор алкышка арзыйт жана биз үчүн үлгүлүү жашоо образы бойдон кала берет.

Жалпыбызга маалым болгондой кыргыз элинде эзелтен карыларын аздектеп, урмат сый көрсөткөн улуу нарк бар. Кадырман элибиз «Карысы бардын ырысы бар» - деп, төгүн жерден сөз кылбаган чыгар. Себеби акылман аталарыбыздын, ак саамайлуу энелерибиздин көрөгөчтүгү, билгичтиги жаш муундарды ар дайым таштак жол тайгак кечүүлөрдөн, ар кандай адашуулардан корголоп келген. Андыктан келечек жыттанган жаштарыбызды карыларыбызга камкор болууга, алардын басып өткөн түйшүктүү жолуна таазим этип, урмат-сый көрсөтүүгө чакырып кетмекчимин.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, аксакалдуу аталар, ак элечек энелер! Кыргыз элинин бакубат жашоо, турмушуна арнаган кайталангыс эмгегиңиздерди ар дайым бийик баалайбыз. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр бактылуу карылыкты каалайм. Ар убак төрүбүздүн көркү элибиздин жүзү болуп, ак батаңыздар менен эл көгөртүп жүрө бериңиздер! Майрамыңыздар куттуу болсун!

Сиздерди терең урматтап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич».