14 февраль 2025
Кароолор: 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарындагы IT мектептин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

IT мектепте жаштардын заманбап билим алуусуна шарт түзүү максатында Ынтымак Исаковдун демөөрчүлүгү менен мектепке 15 даана компьютер белекке берилди. Бул жабдуулар программалоо, графикалык дизайн жана башка IT адистиктери боюнча сапаттуу билим алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
IT мектебинде учурда “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы жайгашып, 300 гө жакын окуучу IT, робототехника жана башка инновациялык багыттар боюнча билим алууда.