08 март 2025

Кароолор: 6

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевичтин 8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу:

Урматтуу асылзат айымдар, ардактуу энелер, кымбаттуу эже карындаштар!

Сиздерди жаз менен кошо кирип келген 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

8-март бул – жаздын жарчысы, сүйүүнүн, назиктиктин жана сулуулуктун майрамы. Аялзаты ким деген суроого мен, аял бул - эне, аял-жар, аял-жошоо демекчимин. Чындыгында эненин кадырына жеткен, аялзатын урматтаган коом гана өнүгүп өсө алат. Себеби улуттун келечеги энелердин колунда. Кыргызда төгүн жерден “Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет” деп айтылган эмес. Андыктан сиздер бүгүн эле эмес ар күнү белек алууга, терең урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар! Сиздердин мээримиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар аркылуу дүйнөбүз ары көрктүү, жашообуз ары маңыздуу.

Урматтуу асылзат айымдар!

Ар бириңиздерге жаркын маанай, чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Ар дайым үй-бүлө очогунда, жакындарыңыздардын курчоосунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Жаз жыттанган майрамыӊыздар куттуу болсун!

Сиздерди тереӊ урматтап,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич.