08 май 2024

Кароолор: 1

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйын залында

Облус аймагындагы мектептерге, жогорку жана орто окуу жайларына, театр, кинотеарларга, коомдук эл көп жургөн жерлерге дүрбөлөң баскычтарын орнотуу, кароол кызматын күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басарлары, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Талас шаарындагы “Кырк-Чоро”, Айтматов районундагы “Семетей” кинотеатрынын жетекчилери, “Улукман” лицейинин жана“Чалдыбар” мектеп интернатынын директорлору катышты.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Абаскан КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майында чыккан №273 Токтомунда белгиленген террордук аракеттерге каршы сактанууда стратегиялык обьектилерден тышкары жалпы билим берүү, медициналык кызмат көрсөтүү мекемелери, спорттук, коомдук көңүл ачуу жайлары, ири соода түйүндөрү, концерттик залдар, стадиондор, коомдук тамактануу жайлары, диний сыйынуучу жайлар жана башка 300 адамдан ашуун эл топтолгон баардык обьектилерде коопсуздукту камсыздоо зарылчылыгы бар экенин айтып өттү.

Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы Эрнис Жолдошбеков учурда Талас шаарында Талас агрардык-экономикалык колледжи менен Талас медициналык коллдежинде гана дүрбөлөң баскычтары коюлуп, күзөт башкармалыгы менен биргеликте иш жүргүзүлуп жатканын, ал эми Талас мамлекеттик университетинин башкы корпусу менен, гуманитардык факультети жайгашкан корпустарына ушул күнгө чейин дүрбөлөң баскычтары коюла электигин билдирди.

Талас облусу боюнча Манас районундагы Цыренин атындагы орто мектепте гана дүрбөлөң баскычы коюлган. Ал эми стратегиялык обьектилердин бири “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалында дагы ушул күнгө чейин дүрбөлөң баскычы да, кароол кызматы да жок. Облус аймагындагы театр, кинотеатрларда дагы ушундай абал.

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова жыйында балдардын жана жарандардын өмүрүн коопсуздандыруу маселеси эң маанилүү экенин, дүрбөлөң баскычтарын орнотуу, кароол кызматын күчөтүүдө тийиштүү иштер жасалып, жергиликтүү бюджеттен каражаттарды бөлдүрүү боюнча иштер жүргүзүлүшү керек экендигин, бул боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылчылыгын белгиледи.