01 ноябрь 2024
Кароолор: 7
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаевдин 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгына карата куттуктоосу:

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери, тартип сакчылары жана ардактуу ардагерлер!
Сиздерди 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Быйыл мына ѳлкѳбүздѳ тарых тартуулаган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз милициясынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдыгы кош маараке катары белгиленип жатат.
Сиздер ѳз ѳмүрүңүздѳрдү тобокелге салып күн-түн дебей элибиздин коопсуз турмушу үчүн жан үрѳп, ак кызмат ѳтѳп жатканыңыздарды бийик баалоо менен терең ыраазычылык билдирем. Күнүбүздө Кыргыз милициясы мезгил талабына ылайык, жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздалып, анын натыйжасында ѳлкѳ аймагында коопсуздук турукташып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлууда.
Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын бейпил турмушу үчүн ички иштер тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы кызматтык унаалар алынып, бардык шарттары менен жаңы имараттар курулуп жатат.Кылмыштуулукту алдын алуу максатында адамды жүзүнѳн таануучу камералар, жол кыймылынын коопсуздугу үчүн видео кѳзѳмѳлдѳѳчү камералар ѳлкѳбүздүн булуң-бурчтарына чейин орнотулуп, элибиздин коопсуздугу үчүн чаралар күчөтүлүүдө. Анын натыйжасында элибиздин милицияга болгон ишеничи бекемделип, тартип сакчыларга болгон бийик сый-урмат калыптанууда.
Урматтуу милиция кызматкерлери, ардактуу эс алуудагы ардагерлер! Жарандарыбыздын бейпил жашоосун, мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыз кылып келе жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгы куттуу болсун! Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубат жашоо, ѳлкѳбүзгѳ туруктуу өнүгүү жана тынчтык каалайм. Асманыбыз ар дайым ачык болуп, Жараткан элибизге биримдик, жергебизге берекет берсин!
Сиздерди терең урматтоо менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич.