27 март 2025
Кароолор: 3
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешовичтин №190 Тескемесине ылайык, Тажыканов Эмил Талантбекович Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов жаӊыдан дайындалган акимдин биринчи орун басары - Тажыканов Эмил Талантбековичти Талас райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамаатына тааныштырды.
Тажыканов Эмил Талантбекович буга чейин КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.