31 август 2024

Кароолор: 10

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери төш белги жана ардак грамота менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери төш белги жана ардак грамота менен сыйланышты.

Жогорку кесипкөйлүгү, квалификациясы, кызматтык милдеттерди ак ниети менен аткаргандыгы демилгелүүлүктү жана активдүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги" төш белгиси менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кадр иштери жана укуктук камсыздоо секторунун башкы адиси Досалиев Мундузбай Жаныбаевич жана КР Талас облусунун Бакай-Ата районунун биримдик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Бакен Кенесариева сыйланды.

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө жана реформалоого маанилүү салымын кошкондугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Рыскулбеков Тилек Рыскуловбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлык ээлерин куттуктап алдыдагы иштерине зор ийгиликтерди каалайбыз!