24 январь 2025
Кароолор: 5
“КЫРГЫЗ-НЕМЕЦ ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ” АТАЛЫШЫНДА СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ

Бүгүн, 24-январда Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде “Кыргыз-немец достук көпүрөсү” аталышында фото-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө КРдин Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын негизинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата уюштурулду.
Фото-көргөзмөдө архивде сакталган тарыхый баалуу сүрөттөр жыйнагы, тарыхый инсандардын өз учурунда жасаган иштери тууралуу маалыматтар коюлган. Алардын арасында Бакай-Ата районунда жашап кийин Германияга кеткен белгилүү сүрөтчү, монументалдык эмгектерди жараткан Теодор Герцен, атактуу ырчы Анна Герман, окумуштуу Василий Бартольддун сүрөттөрү бар. Таластан Германияга көчүп кеткен немец улутунун өкүлдөрү жергиликтүү эл менен тыгыз карым-катнашта болуп, жыл сайын мейманга келип, таластыктарды конокко чакырып турушат.
Иш-чара Талас облустук аксакалдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, көргөзмөнү демилгелеген ардагер журналист Жоомарт Бейшеналиев. Көргөзмөгө КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, ардагерлер, жергиликтүү журналисттер катышты.
Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 1-февралына чейин коюлмакчы. Фото көргөзмөгө мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, шаар тургундары келип көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Белгилей кетсек, учурда Талас облусунда немец диоспарасы бар, Талас шаарында, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашаган немец улутунун өкүлдөрүнүн саны 152.