11 октябрь 2024

Кароолор: 8

“КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ АЛА КИЙИЗ” ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Талас облусунун 80 жылдык мааракесинин алкагында бүгүн 11-октябрда, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалынын ачылышы болуп ѳттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев, өлкөнүн жети дубанынан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышышты.

“Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы кыргыз элинин эзелтен муундан –муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн, маданий мурастарын сактоо, жайылтуу максатында уюштурулууда.