27 февраль 2025
Кароолор: 5
КРдин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

2025-жылдын 27-февралында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жыйындар залында КРдин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” №724 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулду.
Анда тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө, ишкерлерге жана сүт тапшырган фермерлерге токтом боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, практикалык көрсөтмүлөр берилди.