23 апрель 2025

Кароолор: 2

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук коргоо күнү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып уюштурулду.

Талас шаарынын борбордук аянтындагы   Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында китеп жарманкеси өтүп, анда китеп көргөзмөлөрү, жаш сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү коюлду.

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова  Китеп майрамына келген окурмандарды куттуктап, жаш муундар арасында китеп окууну адатка айлантуу үчүн китепканалар заманбап жабдылып, окурмандарды тейлөөгө алгачкы кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, мектеп окуучулары, студенттер көркөм ырларды окушуп, А.Токтогулов атындагы облустук китепкананын алдында түзүлгөн “Манас Ата үгүт кербени” Талас облусунан чыккан Советтер Союзунун Баатырлары Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев,  Василий Петрыщев, Константин Роденко, Семён Сухиндин эрдиктерин даңазалашты.

Буга кошумча Кыргызстан Кыздар Кыймылынын мүчөлөрү “Китеп билимге жол ачат” аттуу флэшмобун тартуулады.
   
Белгилей кетсек, Талас облусунда 76 китепкана бар. Жалпы китепканалардагы китеп фондусу  797 миң 406.