08 ноябрь 2024

Кароолор: 8

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоо сөзү:

«Массалык маалыматтар тармагын өнүктүрүүдө зор салым кошуп, кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келе жаткан Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — КР Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпыбызга маалым болгондой биз жашап жаткан мезгил – мобилдүүлүктүн, ыкчам маалыматтарын доору экени айныбас чындык. Маалыматтык технологиянын өнүккөн мезгилинде коомубузду массалык маалымат каражаттарынан бөлүп кароо мүмкүн эмес.

Сиздер социалдык жана маданий турмуштагы окуяларды жалпы коомчулукка ишбилгичтик менен жеткирип, окуялардын айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыздап келесиздер. Дайымкыдай коомчулукта нар көтөргүс иштерди жетектеп, бийлик менен элдин ортосундагы негизги көпүрө, коомдун күзгүсү болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин.

Адал эмгек ишмердүүлүгүңүздөргө ыраазычылык билдирүү менен сиздерге жогорку чыгармачыл дарамет, оргуштаган жаңы дем-шык, бекем ден соолук, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм».

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич