08 декабрь 2024

Кароолор: 16

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин 8-декабрь - Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо сөзү:

“Урматтуу радио жана телекөрсөтүү

кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү 8-декабрь — Радио жана

телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпыбызга маалым болгондой биз жашап жаткан мезгил – мобилдүүлүктүн, ыкчам маалыматтарын доору экени айныбас чындык. Маалыматтык технологиянын өнүккөн мезгилинде коомубузду массалык маалымат каражаттарынан бөлүп кароо мүмкүн эмес.

Сиздер ар убак Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен тыгыз иштешип, облус аймагындагы социалдык-экономикалык жана маданий турмуштагы окуяларды жалпы коомчулукка ишбилгичтик менен жеткирип, окуялардын айкындыгын, жарандарыбыздын бейтарап маалыматка болгон муктаждыгын камсыздап келе жатасыздар. Чагылдырылган ар бир маалыматтын артында опол тоодой эмгегиңиздер бар. Дайымкыдай коомчулукта нар көтөргүс иштерди жетектеп, бийлик менен элдин ортосундагы негизги көпүрө, коомдун күзгүсү, жакшылыктын жарчысы болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин.

Адал эмгек ишмердүүлүгүңүздөргө ыраазычылык билдирүү менен сиздерге, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ал эми ары сыймыктуу ары түйшүктүү ишиңиздерди ар дайым жогорку чыгармачыл дарамет, оргуштаган жаңы дем-шык албан ийгиликтер коштосун".

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич