30 август 2024
Кароолор: 10
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев айыл аймактарды кыдырып, андагы кѳйгѳйлѳр боюнча иш алып барууну улантууда.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев айыл аймактарды кыдырып, андагы кѳйгѳйлѳр боюнча иш алып барууну улантууда. Бул ирет Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д. Жээнбеков жана облустук, райондук мекеме, ишкана жетекчилери менен биргеликте Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Коргон, Кеңеш, Кызыл-Жылдыз, Чоң-Капка, Ак-Таш, Таш-Башат айылдарындагы билим берүү мекемелерин, үй-бүлѳлүк дарыгерлер топторун, ФАПтарды жана сугат маселеси жаралып келген БСР, каналдарды кыдырды. Жыйынтыгында аныкталган кѳйгѳйлѳр боюнча тийиштүү жетекчилерге, жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрүнѳ жеринде ыкчам тапшырмалар берилди. Облус жетекчиси айтылган тапшырмалардын аткарылышын ѳз кѳзѳмѳлүнѳ аларын билдирип, жетекчилерди ыкчам иш алып барууга чакырды. Буга кошумча Бала-Саруу чакан ГЭСиндеги жана Чоң- Капка постундагы иштин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.
Жыйынтыгында облус жетекчиси Эрмат Джумаев Кызыл-Жылдыз айылдык маданият үйүндө эл менен жолугушуу өткөрүп, элдин суроо-талаптарын укту. Анда элеттиктер жер, сугат суу маселери, электр жарыгы, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо ж.б. курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго облус башчысынан жооп алышты.
Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү кызмат жетекчилерине кырдаалды чечүү тапшырмасын берди. Буга кошумча жергиликтүү жашоочулардын айрым маселелери боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, облус бийлиги тарабынан колдоо болорун билдирди. Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда белгиленген график боюнча Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.