08 апрель 2024

Кароолор: 2

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов

Облус аймагындагы таштанды таштоочуу жайлардын, мал базарлардын жана кѳрүстѳндѳргѳ баруучу жолдордун абалын жеринен барып кѳрүп чыкты. Өлкѳ аймагында аталган жайларды кѳзѳмѳлгѳ алып, иретке келтирүү боюнча буга чейин КР Министрлер Кабинетинин тѳрагасы Акылбек Жапаров тарабынан Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүктѳрүнѳ тапшырма берилген. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн тапшырмасына ылайык облус жетекчисинин биринчи орун басары Талантбек Эдилов таштанды таштоочу жайлардагы кѳйгѳйлѳрдү тез арада чечип, облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактардын кире бериштерин жакшыртып, аталыштарын иретке келтирүүнү жана кѳрүстѳндѳргѳ баруучу жолдорду тегиздеп, тазалап, айланасын тосуу тапшырмасын тиешелүү тараптарга койду.