11 январь 2025

Кароолор: 8

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАР КҮЧӨТҮЛДҮ

Бүгүн, 11-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.

Ага Талас облусу боюнча күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, бардык мамлекеттик жана муниципиалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жетекчилерге "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" кабыл алынган Мыйзамдын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ага ылайык мындан тарта коррупциялык укук бузуулар аныкталса, тиешеси бар жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүүлөр катуу жазаланат. Анын ичинде өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынат жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен эркинен ажыратылат.