04 февраль 2025
Кароолор: 3
КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ТАЛАС ОБЛУСУНУН ЧЕМПИОНАТЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2025-жылдын 4-февралында Р. Алканов атындагы ат майданда Талас облусунун көк бөрү боюнча жыйынтыктоочу чемпионаты болуп өттү.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, район акимдери, федерация өкүлдөрү катышты.
Облус башчысы Эрмат Джумаев өз сөзүндө күнүбүздѳ кѳк бѳрү оюну ѳлкѳ аймагында анын ичинде Талас жергесинде болуп кѳрбѳгѳндѳй ѳнүгүп жатканына токтолду. Кѳк бѳрү кыргыз элинде жана тектеш түрк элдеринде кездешкен, кѳчмѳндѳрдүн кызуулук менен ойнолгон оюндарынын бири экендигин белгилеп, жалпы командаларга ийгиликтерди каалады.
Иш-чарада улуттук көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө салым кошкон тараптарга ыраазычылык каттар тапшырылды. Буга кошумча Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан уюштуруучулар тобуна акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Эске салсак, аталган чемпионат ар жылы облус аймагында уюштурулуп келет. Анда салтка ылайык, өзүн мыкты деңгээлде көрсөткөн көк бөрүчүлөр Талас облусунун “Ынтымак” курама командасына тандалып алынат.