11 октябрь 2024
Кароолор: 8
КӨК БӨРҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ТАЛАС РАЙОНУ ЖЕҢИШКЕ ЭЭ БОЛДУ

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык бөлүгү болуп өттү.
Финалдык беттеште Талас району менен Айтматов районунун командалары кез келип, 7:4 упай артыкчылыгында Талас району жеңишке ээ болду.
I орунду багындырган Талас районунун командасына баш байге автоунаа ыйгарылды. Ал эми II орунга татыган Айтматов районунун командасына 300 миң, III орунду алган Талас району 2 командасына 200 миң, IV орунду ээлеген Чүй-Токмок командасына 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жалпы 10 команда катышты.