30 апрель 2025

Кароолор: 2

Кой чарбасында сандан сапатка өтүү жана малдын асыл тукумдук сапатын жакшыртуу максатында Талас облусунда республикалык деңгээлдеги иш-чара уюштурулду

Иш-чараны Арашан асыл тукум кой багуучу коомунун мүчөлөрү жана облустун фермерлери өткөрүштү. Ага Казакстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышып, тажрыйба алмашуу болду. Иш-чаранын алкагында кой багууда өзгөчөлөнгөн фермерлерге бир катар мамлекеттик мекемелер тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.