16 ноябрь 2024
Кароолор: 10
КӨЧМӨ ДОБУШ БЕРҮҮ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

2024-жылдын 16-ноябрында облус аймагында саламаттыгына, майыптыгына же жаш курагына байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган жарандар үчүн көчмө добуш берүү болуп өттү. Ал үчүн Талас облусу боюнча 324 жаран арыз берген.
Эске салсак, жалпы облус боюнча 178 203 шайлоочу жана 117 шайлоо участогу бар. Анын ичинен Талас шаарында 27 011 шайлоочу 10 шайлоо участогу жана 1 аралыктан добуш берүү участогу, Талас районунда 47 035 шайлоочу 35 шайлоо участогу, Бакай-Ата районунда 36 753 шайлоочу 24 шайлоо участогу, Айтматов районунда 45 813 шайлоочу 28 шайлоо участогу, Манас районунда 21 591 шайлоочу жана 20 шайлоо участогу бар. Ал эми жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого Талас шаарынан 6 саясий партия катышууда.