15 март 2025
Кароолор: 2
К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Аталар күнү белгиленди

Бүгүн, 15-мартта К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Аталар күнү белгиленди.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова майрамдык иш-чараны ачып, жалпы аталарды алгачкы жолу белгиленип жаткан майрамы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан куттуктап, ата аскар тоо, үй-бүлөнүн тиреги, уул-кыздын сыймыгы экенин баса белгилеп, аталар күчтүү өлкөдө өнүгүү болорун айтты.
Майрамдык иш-чара сахналаштырылган оюк-зоок менен улантылып, жергиликтүү таланттардын катышуусундагы чоң программадагы концерт тартууланды.