30 август 2024

Кароолор: 10

КѲК-САЙ АЙЫЛЫНДА 140 ОРУНДУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 30-августта Айтматов районунун Шекер айыл аймагына караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу Абакир уулу Шамуратбек атындагы бала бакчанын ачылыш аземи болуп ѳттү. Иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Руслан Джеенбеков катышып, жергиликтүү айыл тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.

Жалпы аянты 1480,9 чарчы метрди түзгѳн эки кабаттуу бала бакчанын курулушу 2017-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштери “Ак-Ниет Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө аталган бала бакчанын курулушу 86204,152 миң сомго толугу менен аяктап пайдаланууга берилди. Жаңы бала бакчада балдар үчүн бардык шарттар каралган. Атап айтканда долбоорго ылайык сабактарды жана оюндарды ѳткѳрүү үчүн бѳлмѳлѳр, уктоочу бѳлмѳлѳр, ашкана, тамак-аш азыктарын сактоочу бѳлмѳлѳр жана санитардык түйүндѳр бар. Буга кошумча бала бакчада музыкалык сабактар үчүн ѳзүнчѳ бѳлмѳ ошондой эле медициналык кабинет курулган.

Бала бакчада жалпы 32 кызматкер, анын ичинен 12 тарбиячы жана 20 кызматчы эмгектенет (директор, ашпозчу, техничка, кароолчу ж.б.) Жергиликтүү айыл тургундардын демилгеси менен мектепке чейинки билим берүү мекемесине көп жылдар бою Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Абакир уулу Шамуратбектин ысымы ыйгарылды.