22 январь 2025

Кароолор: 4

КАТУУ ШАМАЛДЫН КЕСЕПЕТИНЕН ЖАБЫРКАГАН МЕКТЕПТЕ ОҢДОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

22-январь күнү Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, айылдагы Р. Осмонов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Бактыга жараша кырсыктын кесепетинен жабыркаган жарандар катталган эмес.

Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү тарабынан жеринде ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, катуу шамал мектептин күн батыш тарабындагы 390 м2 чатырын жараксыз абалга келтиргени аныкталган. Мектеп “Кыргызстан” жеке менчик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган. Учурда “Илбирс” ЖЧКсы тарабынан мектепти калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кечээ, 27-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте аталган мектептен кабар алып, андагы жүрүп жаткан жумуштар менен таанышты. Анда мектепти калыбына келтирүү боюнча иш алып барып жаткан тийиштүү тараптарга бир катар кошумча тапшырмаларды берип, өз сөзүндө окуучуларга үгүлтүксүз жагымдуу шартта билим берүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Белгилей кетсек, Р. Осмонов атындагы орто мектеп 1991-жылы ишке берилген. Аталган билим уясында 300 дөн ашуун окуучу билим алып, 38 кызматкер эмгектенет.