04 октябрь 2024
Кароолор: 9
КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР: ТАЛАСТА КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата бүгүн Талас шаарында Талас облусунун карыларына арналган майрамдык сый тамак уюштурулду.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Альянс Алтын компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Болот Өмүралиев ошондой эле облус аймагынан 165 улуу муундун ѳкүлдѳрү, 55 жылдан ашык чогуу жашаган үлгүлүү түгѳйлѳр катышты.
Облус башчысы Эрмат Джумаев куттуктоо сѳзүндѳ: “Сиздер буга чейин кыйын кезеңдерди баштан кечирип келечек жыттанган бүгүнкү жаркын күндөрдү бизге тартууладыңыздар. Кадырлуу аталар, ак элечек энелер! Кыргыз элинин бакубат жашоо, турмушуна арнаган кайталангыс эмгегиңиздерди ар дайым бийик баалайбыз. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр бактылуу карылыкты каалайм. Ар убак төрүбүздүн көркү элибиздин жүзү болуп, ак батаңыздар менен эл көгөртүп жүрө бериңиздер!”- деп, майрам ээлерин куттуктап, белек-бечкектерди тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө карыларга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый тамак берилди.
Белгилей кетсек, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө карыларга камкордук кѳрсѳтүү максатында түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.