14 октябрь 2024

Кароолор: 9

КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМ ОБЛУСУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫ, ТАЛАС ОБЛУСУНУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Улуттук Манас Ордо комплексинде Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Талас облусунун, Талас шаарынын жана Манас районунун 80 жылдыгына арналган массалык - маданий иш-чара белгиленди.

Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев коңшу Казакстан Республикасынан жана өлкө аймагынан келген сыйлуу коноктор, мамлекеттик кызматтын, маданият тармагынын ишмерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облус тургундары катышышты.

Кош мааракеге арналган иш-чарада көрүүчүлөрдүн назарына бүйүр кызыткан кыргыз улуттук оюндары, манастап ураан чакырган манасчылар фестивалы, ак таңдай акындардын айтышы, «Кылым карыткан кыргыз ала кийизи» фестивалы коюлду.

Үч күнгө мерчемделген иш-чарага жигердүү катышып, ийгилик көрсөткөн спортчулар, кол өнөрчүлөр жана таланттуу өнөр адамдары акчалай сыйлыктар баалуу белектер менен сыйланышты. Буга кошумча Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон эмгек алдынкыларына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара эстрада ырчыларынын коштоосунда гала-концерт менен жыйынтыкталды.