20 октябрь 2024
Кароолор: 5
КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМ ОБЛУСУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫ, МАНАС РАЙОНУНУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

18-19-октябрь күндѳрү Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Манас районунун 80 жылдык мааракесине арналган массалык-маданий иш-чара болуп ѳттү.
Ага өлкө аймагынан келген сыйлуу коноктор, мамлекеттик кызматтын, маданият тармагынын ишмерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышышты.
Салтанаттуу иш-чара эки күнгѳ созулуп, бүйүр кызыткан кыргыз улуттук оюндары, маданий иш-чаралар жана мекеме, уюмдардын катышуусунда жѳѳ жүрүш, Манас баатырдын жаңыланган айкелинин ачылыш аземи менен коштолду.
Иш-чарага жигердүү катышып, ийгилик көрсөткөн спортчулар, кол өнөрчүлөр жана таланттуу өнөр адамдары акчалай сыйлыктар, баалуу белектер менен сыйланышты. Буга кошумча Манас районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салмактуу салым кошкон эмгек алдынкыларына Манас райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чара эстрада ырчыларынын коштоосунда гала-концерт менен жыйынтыкталды.