31 март 2025

Кароолор: 5

Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Орозо айт майрамы менен куттуктаймын! Мына минтип айлардын султаны болгон Рамазан айы да аяктап, Орозо айт майрамы кирип келди. Ыйык Рамазан айы бизди чыдамкайлыкка, сабырдуулукка чакырып, жан дүйнөнү аруулап жакшы адаттарды үйрөттү. Береке жааган, кут төгүлгөн ыйык Рамазанда руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун жана өз ара жардамдашуунун маанилүүлүгүн сездик.

Ар убак орозо күндөрүндөгүдөй бири-бирибизге карамдуу болуп, биримдикте, ынтымакта кут даарыган өлкөбүздү өнүктүрө берели! Улуу Жараткан элибизге тынчтык, биримдик, Ала-Тоо жергебизге кут-береке, мамлекетибизге туруктуу өнүгүү берсин!

Жалпыӊыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана тынчтык каалайм. Орозоңуздар кабыл, Орозо айтыӊыздар маарек болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич