19 март 2025

Кароолор: 7

Эрмекбай Омошев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.

КР Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Джумагулов Илимбек Ташбооевич жаңыдан дайындалган аким Омошев Эрмекбай Аляновичти Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жамаатына тааныштырып, акимдин алдыдагы иштерине ийгилик каалады.