30 октябрь 2025
Кароолор: 3
Эрмат Жумаев Талас облусунун кире беришиндеги арканын реконструкциясы менен таанышты

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунун кире беришиндеги арканы кайра жаңылоо жана көрктөндүрүү иштери менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы реконструкция иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө жана жогорку деңгээлде бүтүрүүнү тапшырды.
Учурда арканын айланасындагы аймакта ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Он жылдар бою жаңыртылбаган облустун киреберишиндеги дарбаза толук реконструкциядан өтүп, эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда. Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди.
Жаңы инфраструктуранын алкагында бул жерде кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, заманбап дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы курулмакчы.
«Биздин максат – ар бир киши Талас облусуна киргенде дароо эле жылуу меймандостукту жана жаңыланууну сезсин. Талас — өзгөрүүлөрдүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы болушу керек», — деп белгиледи Эрмат Жумаев.
Эсиңиздерге салсак, арканын реконструкциясы — Талас облусундагы инфраструктураны жакшыртуу жана туристтик потенциалды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.