05 февраль 2025
Кароолор: 4
ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ЖАРАНДАРДЫ ЖЕКЕ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КАБЫЛ АЛДЫ

5-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев жеке маселелери боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту.
Анда жарандар облус башчысына материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, жарандык укуктарын коргоп берүү, социалдык маселелерин чечүү, бала бакчага болгон муктаждыкты жоюу, жазгы талаа иштерине карата сугат маселелерин чечүү, тарыхый инсандардын өрнөктүү өмүрүн даңазалоо ж.б. ар кандай маселелер боюнча кайрылышты.
Натыйжада облус башчы ар бир жарандын кайрылуусуна жооп берип, суроо-талаптар боюнча тийиштүү бөлүм башчыларына тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, ар шаршемби 14:00 – 18:00 саат аралыгында облус башчы Эрмат Джумаев жарандарды ар кандай кѳйгѳйлѳрү боюнча кабыл алат.