20 апрель 2025
Кароолор: 2
Эрмат Джумаев Талас облусунун тургундары менен жолугушту

2025-жылдын 19-20-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев облус тургундары, мекеме-ишканалардын жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Эрмат Джумаев облус аймагында соңку эки жыл ичинде аткарылган иштер жана 2026-жылга чейин жүзөгө ашырылуучу ири долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ал облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана туризм тармактарында ишке ашырылуучу ири программаларга токтолду.
Жолугушуу алкагында катышуучулар облусунун экономикалык өсүшүнө салым кошуучу сунуштарды жана пикирлерди билдиришип, биргелешкен иштерди пландоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.