20 апрель 2025
Кароолор: 1
Эрмат Джумаев Талас облусунун тургундары менен жолугушту

2025-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас облусунун тургундары, мекеме-ишканалардын жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Эрмат Джумаев облус аймагында соңку эки жыл ичинде аткарылган иштер жана 2026-жылга чейин жүзөгө ашырылуучу ири долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ал облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана туризм тармактарында ишке ашырылуучу ири программаларга токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин билдиришип, облус аймагында жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.