08 декабрь 2025
Кароолор: 11
Эрмат Джумаев 8-декабрь – Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

"Урматтуу радио жана телевидение тармагынын ардактуу кызматкерлери!
Сиздерди 8-декабрь – Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилден куттуктайм!
Бул дата кыргыз теле берүү тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Мындан 67 жыл мурда дал ушул күндөрү өлкөбүздө алгачкы телеберүү эфирге чыгып, маалымат мейкиндигинде жаңы доор башталган. Ошол мезгилден тарта радио жана телеберүү тармагы үзгүлтүксүз өнүгүп, бүгүнкү күндө заманбап санариптик форматка чейин жетип отурат. Технологиялар канчалык өнүксө да, радио менен телевидение эл үчүн ишенимдүү жана маанилүү маалымат булагы бойдон калууда.
Радио жана телевидение – бул жөн гана маалымат жеткирүү каражаты эмес, коомдун руханий баалуулуктарын калыптандырган, улуттук маданият менен искусствону элге тааныткан күчтүү аянтча. Сиздердин чыгармачыл эмгегиңиздер аркылуу жаңы таланттар ачылып, жаштардын көркөм ой-жүгүртүүсү өнүгүп, маданий мурас муундан муунга өтүп келет.
Ар бир даярдалган берүүнүн, ар бир эфирдик чечимдин коомдук аң-сезимге тийгизген таасири чоң. Ошондуктан сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер өлкөдө жүрүп жаткан маданий жана маалыматтык процесстер менен тыгыз байланышта.
Бүгүнкү күндө заман улуттук маданиятты заманбап формада сунуштоону, маалыматты так, калыс жана жогорку профессионалдык деңгээлде берүүнү талап кылууда. Сиздер бул милдеттерди ийгиликтүү аткарып, кыргыз коомунун маданий өнүгүшүнө жана маалыматтык коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым кошуп келатасыздар.
Баарыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди, түгөнгүс энергия жана кесиптик өсүү каалайм. Элибизге кызмат кылууда дайыма шыктанып, бийик максаттарга жетише бериңиздер!"
Терең урматтоо менен,
КР Президентинин Талас облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү
Эрмат Джумаев.