22 декабрь 2025
Кароолор: 3
Энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Энергетиктер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Энергетика тармагында эмгектенип жаткан адистердин талыкпаган жана жоопкерчиликтүү иши өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, экономикалык өсүшүнүн жана калктын бейпилдигинин негизин түзөт. Жарык жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аркылуу энергетиктер элдин жашоо сапатын жогорулатууга, социалдык туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келишет.
Ар бир үйдө жарыктын күйүп, жылуулуктун болушу — бул энергетика тармагынын кызматкерлеринин күн-түн дебей аткарган эмгегинин жыйынтыгы. Элдин ишенимин актап, мамлекеттин стратегиялык маанидеги тармагын ишенимдүү аркалап келе жаткандары үчүн терең ыраазычылык билдирилет.
Бул майрам күнү энергетика тармагынын кызматкерлерине чың ден соолук, ишинде ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер жана кесиптик бийиктиктерди багындыруу кааланат. Ошондой эле өздөрүнө жана жакындарына тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо тиленет.