12 май 2025
Кароолор: 2
Эмилбек Жамакеев жаңы кызматка дайындалды

2025-жылдын 12-майынан тарта Жамакеев Эмилбек Мадылбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалды.
Жамакеев Эмилбек Мадылбекович 1969-жылы 3-июлда Талас шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, жогорку билимдүү. Эмгек жолу ар түрдүү мамлекеттик кызматтарда өтүп, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу–инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Жаңы кызматка дайындалуусу менен Жамакеев Эмилбек Мадылбековичке ийгилик каалайбыз.