15 декабрь 2025

Кароолор: 4

Элеттик тургундарыбыз менен жолугушууларыбыз башталды

Бүгүн, 2025-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлү тарабынан - Талас облусунун тургундары менен белгиленген графиктин негизинде жолугушуулар расмий түрдө башталды.

Жолугушуулардын негизги максаты – Талас облусунун айыл аймактарынын жана Талас шаарынын тургундары менен түз байланыш түзүү, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин угуу жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү болуп саналат. Элдик жыйындар бекитилген графикке ылайык бардык райондордо өткөрүлөт.

Анын алкагында бүгүн, 15-декабрда, Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда облус аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди, ошондой эле 2026-жылга карата пландалган иш-чаралар жана өнүгүү багыттары тууралуу баяндалды.

Мындан тышкары, элеттик тургундардын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана башка актуалдуу маселелери угулуп, көтөрүлгөн суроолорду чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилди. Элибиз менен болгон мындай ачык диалогдор мындан ары да улантылып, жарандардын сунуш-пикирлери ишке ашырууда эске алынат.