04 декабрь 2024

Кароолор: 11

ЭЛЕТ КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮ АРАКЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев 2024-жылдын 3-4-декабрь күндөрү облус аймагындагы ар бир айыл өкмөт башчыларын кабыл алып, элет жериндеги орчундуу көйгөйлөрдөн кабар алды.

Жолугушууда буга чейин август-сентябрь айларында берилген тапшырмалардын аткарылышын тыкыр текшерип, айыл өкмөт башчыларынан маалымат алды. Буга кошумча облус жетекчиси ар бир айылдагы мектеп, бала бакча, маданият үйү, китепкана, спорттук зал жана таза суу, жол маселелери боюнча натыйжалуу иш алып барууну демилгелеп, айыл өкмөт башчыларынын алдына так милдеттерди койду.

Эске салсак, облус башчы Эрмат Джумаев буга чейин 2024-жылдын август-сентябрь айларында Талас облусундагы бардык айыл-аймактардын көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, тийиштүү кызматтарга муктаждыктарды чечүү боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.