02 август 2024
Кароолор: 23
Джумаев Эрмат Джумаевич Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Аттокуров,
о.э Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Талантбек Эдилов, Ыйгарым өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова, облустук түзүмдөрдүн, шаардык мэриянын ж.б мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Джумаев Эрмат Джумаевич
1991-жылы 19-ноябрда
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, Каракол айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Жогорку билимдүү.
2009-2017-жж, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Тоо-кен металлургиялык факультетин аяктаган. “Тоо-кен иштери” адистиги боюнча “Тоо-кен инженери” квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолу:
1. 28.03.2014-20.05.2021 Дыйкан чарба “Токчулук", төрага;
2. 15.05.2017-05.11.2020 Депутаттардын Каракол шаардык кенеши, жергиликтүү кенештин депутаты;
3. 26.01.2018-27.11.2018 Ыссык-Көл Мамлекеттик университети, жетектөөчү адис;
4. 11.03.2019-06.11.2020 Муниципалдык ишкана "Жашылдандыруу чарбасы", директор;
5. 06.11.2020-15.06.2021 Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
6. 15.06.2021-13.05.2023 Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын мэри;
7. 13.05.2023-02.08.2024 Талас шаарынын мэри Талас шаарынын мэриясы.
8. 02.08.2024 Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.