23 август 2024
Кароолор: 9
Джеенбеков Руслан Рахманбердиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Джеенбеков Руслан Рахманбердиевич 1985-жылдын 22-февралында Талас шаарында туулган. 2003-2008-жылдары Талас мамлекеттик универистетинин Технологиялык институнун “Маалымат системалар жана технологиялар” адистиги боюнча билим алган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын “Менеджмент” багыты боюнча “Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
2008-2010-жж. - Талас мамлекеттик универистетинин Технологиялык институнда компьютердик класстын администратору;
2009-2010-жж. - Талас мамлекеттик универистетинин Технологиялык институнун “Маалымат системалар жана технологиялар” кафедрасында мугалим;
2010-2011-жж. – Талас шаарынын мэриясында системдик администратор;
2013-2018-жж. – Талас шаарынын мэриясында турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адис, жетектөөчү адис жана башкы адис;
2018-2024-жж. – Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.